Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

АКШ Орусия талап кылган далилдер бар экенин билдирди


Америка Кошмо Штаттары Орусиянын Сириядагы аба чабуулдары жайкын тургундарды зыянга учуратып, коомдук имараттарды талкалап жатканын далилдей аларын билдирди. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Жон Кирби 29-октябрда маалымат жыйынында айтты.

“Биз орусиялык аскерий учактар оорукананын имаратын бомбалап жатканына байланыштуу маалыматты көрдүк. Бизде ошондой эле Орусия “Ислам мамлекети” террордук тобуна эмес жайкын тургундардын кыштактарына зыян алып келген оперативдүү маалыматтарыбыз да бар”, - деп билдирди Жон Кирби.

Айрым эл аралык укук коргоочу уюмдар орусиялык аскер учактары ооруканага чабуул жасап, жөн жай тургундар мерт кеткенин кабарлап чыккан. Бирок Москва муну четке кагып, батыш медиасынан далилдерди талап кылган.

Лондондогу адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы 20-октябрда Орусия Идлиб шаарына жасаган чабуулдан оорукана талкаланып, 13 адам, алардын ичинде 3 медкызматкери мерт кеткенин кабарлаган эле.

Орусия Сирия менен Ирактагы аба чабуулдарын 30-сентябрда баштаган. Москва чабуулдар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна багытталууда десе, АКШ баштаган батыш өлкөлөрү орустар батыш көмөк көрсөткөн Башар Асаддын каршылаштарын бутага алууда деп келет.

XS
SM
MD
LG