Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

АКШ ишкери Иранда камакка алынды


АКШ менен Ирандын кош жарандыгын алып жүргөн Сямак Намази аттуу ишкер Иранда 29-октябрь күнү камалганы маалым болду.

Баш кеңсеси Дубай шаарында жайгашкан Crescent Petroleum Co компаниясын жетекетеген Намази Тегеранга эки апталык иш сапар менен барып, чалгындоочу кызмат тарабынан кармалганын Washington Post жана Wall Street Journal басылмалары маалымдашты. Ушуну менен төртүнчү АКШ атуулу Иранда камалып жатат.

Намазинин үй-бүлөсү Дубай, Вена жана Тегеранда кеңселери бар Atieh Group аттуу ири компанияга ээлик кылат. Ишкердин достору окуя болору менен эле Намазинин үйүн Ирандын чалгындоо агенттери тинтип, айрым электрондук кат алышууларында кибер чабуулдун шеги бар деп, компьютерин алып кетишкен.

АКШ бийлиги окуяны териштирүугө киришти. Вашингтон Тегерандан камакка алынган үч атуулун бошотууну талап кылууда. Алардын бири Washington Post гезитинин кабарчысы Жейсон Резаян тыңчылык кылды деп айыпталып Тегеран абагында жатат.

XS
SM
MD
LG