Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Үйү өрттөнүп, энеси каза болгон бир туугандарга үй берилди


Чүй облусунун Адамүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында үйдө чыккан өрттөн улам энеси жана 3 жашар бир тууганынан ажыраган үй-бүлө мүчөлөрүнө бүгүн жаңы үйдүн ачкычын Социалдык жактан өнүктүрүү министринин орун басары Эрик Күйкеев тапшырды.

Бул үйдү энесиз калган үч бир тууганга “KG групп” курулуш компаниясы өз эсебинен куруп берген.

2014-жылдын декабрь айында түнкү саат 11лер чамасында чыккан өрттүн кесепетинен 20 жаштагы Тинатин, 14 жаштагы Шабдан жана 5 жаштагы Асият Абдырахмановалар апасы менен 3 жашар бир тууганынан айрылып калышкан. 41 жаштагы Эльвира Үмөтбаева менен 3 жашар Касиетти куткарууга мүмкүн болбой калган. Алардын үйү да толугу менен күйүп кетип, жашоого жараксыз болуп калган. (AzK)

XS
SM
MD
LG