Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

АКШ Ирактагы ракета чабуулун сынга алды


Америка Кошмо Штаттары Багдадга жакын жердеги ракеталык чабуулдарды сындады. Бул канабайрамдан Ирандын 23 оппозиция мүчөсү курман болушту.

29-октябрда Багдад эл аралык аба майданына жакын жердеги АКШнын мурдагы “Азаттык” лагерин, учурда Ирандын “Мижахиди Калк” оппозиция тобу жайгашкан үйлөрдү 15 ракета менен белгисиз тараптан аткылап, 23 ирандык оппозиция өкүлү менен үч ирактык аскер набыт болду.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бул чабуулду сындап, ырайымсыз террордук кол салуу деп атады. “Ирак өкмөтү менен байланышып, окуядан жабыркагандарга тийиштүү жардам беребиз”, - деди Керри.

Кол салуу жоопкерчилигин Ирак шийилеринин “Аль Мухтар” согушкерлер тобунун колбашчысы Уазик ал-Батат моюндады. Аталган топ ирандык оппозиция мүчөлөрүн тез арада Ирактан чыгып кетүүсүн талап кылып, кокус аны аткарышпаса мындай чабуулдар дагы уланарын жарыялаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG