Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:52

«Бир Бол» фракциясы оппозициячыл азчылыкта калмай болду


Фракциянын катчылыгынан билдиришкендей, “Бир Бол” коалициялык көпчүлүккө кирүүдөн баш тартты.

“Биз коалицияны түзүүгө катышып жаткан фракцияларга өкмөт куроо жана анын программасын ишке ашырууда ийгилик каалайбыз. Азыр эл көптөгөн көйгөйлөрдүн чечилишин күтүп жатат. Биз маанилүү маселелерди кабыргасынан коюп, аларды чечүү жолдорун көрсөтүп, сунуш беребиз”,- деди фракция лидери Алтынбек Сулайманов.

Бүгүн коалиция куроо мантадын алган КСДП фракциясынын лидери дээрлик бардык фракция лидерлери менен сүйлөшүүлөр жүргөнүн, эртең “Өнүгүү-прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев менен сүйлөшүү болгон соң, коалицияга ким кирип, ким калары белгилүү болоорун билдирди.

Кечээ коалицияга “Ата Мекен”, “Кыргызстан” фракциялары кирүү чечимин кабыл алышкан. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG