Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:05

Сириядагы ракеталык чабуул 40тан ашуун адамдын өмүрүн алды


Сириянын Башар Асадга каршылаш тараптары бүгүн бийлик аскерлери жүргүзгөн ракеталык чабуулдан 40тан ашуун адам мерт кетип, бир топ киши жараланганын кабарлады.

Жергиликтүү координациялык комитет жана Лондондогу адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы 30-октябрдын таңында оппозициялык топтун колундагы Доума шаары кеминде 10 ракета менен аткыланганын кабарлады. Бул маалыматты Доумадагы активисттер да тастыкташты. Сирия обсерваториясынын жетекчиси Рами Абдел Рахман бул чабуулдан кеминде 100 киши жараланганын AFP агенттигине айткан.

Дамасктын четиндеги Доума калаасы бир нече ирет бийликтин чабуул бутасына айланган.

Бир күн мурда эле бул калаада Сирия учактарынын аба чабуулдары болуп, 9 адам өлгөн эле дейт Сирия обсерваториясы уюму.

Бул кандуу окуя Австриянын баш калаасы Венада бүгүн 17 өлкөнүн дипломаттары Сириядагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган сүйлөшүүлөргө туура келди.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG