Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

HRW Жон Керрини Борбор Азияда адам укугу маселесин көтөрүүгө чакырат


Эл аралык адам укугун коргоочу Human Rights Watch уюму АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керриге Борбор Азиядагы иш сапары учурунда бул аймактын бийликтерине “адам укугу” жаатында эскертүү жасоого чакырды.

Керринин чөлкөмгө иш сапары 31-октябрда башталып, ал алгач Бишкекке, анан Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстанга барат.

Борбор Азия расмийлери менен болчу басма сөз жыйынында HRW Керриге адам укугу маселесин көтөрүүнү сунуштады. Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан бул уюм аймактагы адамдарды адилетсиз камоо, журналисттердин жана адам укугун коргоочу топтордун куугунтукталышы сыяктуу бир катар маселелерди көтөрүү керек дейт.

АКШдагы журналисттерди коргоочу комитет да Жон Керриден Борбор Азиядагы камакта жаткан журналисттерди өлкө лидерлерине бошотуу талабын коюну суранган эле.

XS
SM
MD
LG