Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Керри сапарына байланыштуу Бишкектин айрым чоң көчөлөрү дыкат кайтарылууда


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Борбор Азияга алгачкы сапарынын алкагында бүгүн Бишкекке келет. Ошого байланыштуу шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Ушу тапта "Манас" эл аралык аэропортунан тарта шаардын Манас проспектине чейин көчө бойлой милиция кызматкерлери турат. Ошондой эле Жол кайгуул кызматынын атайын унаалары иштөөдө.

28-октябрь-3-ноябрда Керри Австрия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстанды кыдырат. Бүгүн Бишкекте анын катышуусу менен АКШ элчилигинин жана Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы имараттарынын расмий ачылышы болот. Мамлекеттик катчы өлкө жетекчилиги менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулайт. (RK)

XS
SM
MD
LG