Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

Ошто БУУнун 70 жылдыгы белгиленди


Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош мамлекеттик юридикалык институтунан кабарлашты. Окуу жайдын базасында өтүлгөн лекцияда БУУнун тарыхы жана ишмердүүлүгү, БУУнун Өнүктүрүү программасы жөнүндө айтылды. Дүйнөлүк уюмдун Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуусу жана Ош облусун комплекстүү өнүктүрүү багытында аракеттери тууралуу кеп болду.

Угуучуларга сүрөттөр көрсөтүлүп, видеотасмалар тартууланды. Лекцияга окутуучулар, студенттер болуп жалпы 150дөй адам катышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөнүнө быйыл 70 жыл болду. Ага карата Кыргызстандын булуң-бурчунда иш-чаралар өткөрүлүп жатат. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG