Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01

Жапон өкмөтүнүн жардамы менен Кыргызстанда жол тейлөө техникасы жаңыртылды


Жапон өкмөтү бөлгөн каражатка Кыргызстан жолдорду тейлөө техникасын жаңыртып алды. Бүгүн Чүйдөгү №39 жол эксплуатациялоо ишканасында 355 даана техниканы тапшыруу салтанаты өттү. Ага премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариев катышканын маалымат катчысы Бакыт Асанов кабарлады.

Анын айтымында, машинелер, таптагычтар жана атайын шаймандардын жалпы баасы 25 миллион доллар турат. Бул каражатты жапон өкмөтү грант түрүндө берди. Жаңы техника Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарына таратылып берилет. (RK)

XS
SM
MD
LG