Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Керри Кыргызстан менен АКШны камтама кылган жалпы маселелерди атады


"Жылдар өткөн сайын эки өлкө ортосундагы байланыш бекемдеп, бизди камтама кылган жалпы маселелер да көбөйдү", деди бүгүн Бишкекте АКШ элчилигинин жаңы имаратынын ачылыш салтанатында сүйлөп жатып Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри:

- Алар коопсуздук, экономикалык өнүгүү, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү, адамдардын каттамы. Абдан көп кыргыз жаштары Америкада билим алып жатышат. Мунун баары бири-бирибизди жакшы билип, түшүнүүбүзгө жардам берет.

Жон Керри Борбор Азия республикаларын кыдыруусун бүгүн Бишкектен баштады.

Ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында эки тараптуу сүйлөшүү башталууда.

Жаңы имараттын ачылышына кыргыз тараптан тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Эрлан Абдылдаев катышты. (RK)

XS
SM
MD
LG