Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Москвада украин китепканасынын директору үй камагына алынды


Москванын Таган соту украин китепканасынын директору Наталья Шаринаны 27-декабрга чейин үй камагына алды. Анын адвокаты Евгений Смирновдун айтымында, мындай өтүнүчтү Орусиянын Тергөө комитети келтирген. Прокуратура Шаринаны эркинен ажыратууга каршы чыккан.

Шаршемби күнү китепканада тинтүү жүргүзүлүп, Орусияда экстремисттик деп күмөн санаткан китептерди алып кетишкен.

Окуянын чыгышына муниципалдык депутат Дмитрий Захаровдун аталган китепканада украиначыл жана орустарга жек көрүүчүлүк көз караштагы китептер бар деп арызданганы себеп болгон. Бирок Шарина аны минтип куугунтуктоо эч негизсиз экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG