Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:15

Керри: Демократия өзүнөн өзү сакталып турбайт, аны коргоо керек


Жон Керри Борбор Азиядагы Америка университетинин ачылышында
Жон Керри Борбор Азиядагы Америка университетинин ачылышында

"Кыргызстан өзүнүн республика деген макамын коргоп калышы керек", - деди бүгүн АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Бишкекте Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы имаратынын ачылыш салтанатында сүйлөп жатып. Ал ошондой эле демократия өзүнөн өзү сакталып турбасын, аны коргоо керектигин жана буга аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү жардам берерин айтты. "Эгер Кыргызстан мыйзамдарды урматтаса, АКШ дайыма сиздер менен болот" деди ал.

Керри бүгүн бир күндүк иш сапар алкагында Бишкекте жаңы элчиликтин ачылышына да катышты жана өлкө жетекчилиги менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркысын талкуулады. (RK)

XS
SM
MD
LG