Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Египеттик согушкер уюм орусиялык учакты атып түшүргөнүн билдирди


Жакынын жоготкондор. Пулково аэропорту.
Жакынын жоготкондор. Пулково аэропорту.

"Ислам мамлекети" радикал уюмуна байланышы бар египеттик согушкерлер тобу ишембинин таңында кыйраган орусиялык учакты атып түшүргөнүн жарыялады.

Бүгүн Египеттин Синай жарым аралында Орусиянын жүргүнчү ташуучу Airbus 321 учагы кыйраган. «Когалымавиа» компаниясына таандык лайнер 217 жүргүнчүсү жана 7 экипаж мүчөсү менен Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербургга учуп бараткан. Жүргүнчүлөрдүн 17си балдар. Расмий тараптар бир да адам аман калбаганын, 100дөй кишинин сөөгү чогултулуп, Каирге жеткирилгенин кабарлашты.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, аскердик авиация окуя болгон жерди курчоого алды. Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Пулково аэропортунда эс алуудан кайтып келаткан жакындарын күткөн адамдарга чукул жардам көргөзүлүүдө. Азырынча учактагылардын көпчүлүгү Орусиянын, үчөө Украинанын жана бир адам Беларустун жараны экени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG