Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Орусия учак кырсыгына байланыштуу аза күтүүдө


Кырсыкка учураган орусиялык учактын калдыктары. Египет. 31-октябрь, 2015.
Кырсыкка учураган орусиялык учактын калдыктары. Египет. 31-октябрь, 2015.

Орусия бүгүн Египеттеги авиакырсыкка байланыштуу аза күтүүдө. Кечээ, 31-октябрда орусиялык Airbus А-321 учагы Синай жарым аралынын үстүнөн учуп баратып кулаган. Ичиндеги 224 адамдын баары, анын ичинде 25 бала мерт кетти.

«Когалымавиа» компаниясынын лайнери (2012-жылдан бери Metrojet деп аталат), Египеттин Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Санкт-Петербургга учуп бараткан.

Курман болгондордун көбү Орусия жарандары - питерликтер экени аныкталды. Ошого байланыштуу Петербургдун губернатору Георгий Полтавченко балким дагы кошумча аза күтүү күнү жарыяланышы мүмкүн экенин айтты.

Маалымат агенттиктеринин жазышынча, бул орус авиациясынын тарыхындагы эң ири кырсык болду.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар, унаа министрликтеринин жана Росавиациянын адистери учурда окуя болгон жерде кырсыктын себептерин иликтеп жатат. Бул ишке египеттик жана франциялык эксперттер жана учакты өндүргөн Airbus компаниясынын өкүлдөрү да катышууда.

Орус бийлиги окуянын себеби тууралуу азырынча өз пикирин расмий жарыялай элек, бирок учакты исламчыл экстремисттер атып кулаткан деген версияны четке кагууда. Өлкөнүн транспорт министрлиги Синайдагы согушкерлердин колунда учуп бараткан лайнерди атып түшүрө ала турган куралы жок экенин билдирди.

Кечээ бул үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Ислам мамлекети" (ИМ) экстремисттик тобунун жергиликтүү уюмунун согушкерлери алганын Франс-пресс жана Reuters агенттиктери ИМ тобунун интернеттеги билдирүүлөрүнө таянып жазып чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG