Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Түркияда жол кырсыгына кабылган кыргыз баланын абалы дагы эле оор


Түркиянын Анталия шаарында жол кырсыгынан кийин ооруканада жаткан кыргызстандык студент Арслан Асанкуловдун абалы дагы эле оор. "Азаттык" анын апасы менен байланышканда ал сүйлөшүүдөн баш тартып, болгону, уулунун абалында эч өзгөрүү жоктугун гана билдирди.

24-октябрда Кемер шаарындагы мейманканада тейлөө кызматкери болуп иштеп, мекенине кайтаар алдында туугандарына белек-бечкек алганы Анталияга бараткан 5 кыргыз бала кырсыкка кабылган.

Кемер – Кумлужа унаа жолунда Анталия тарапты көздөй бараткан туристтик автобус трассадан чыгып кетип, оодарылып, жардан кулап кала жаздаган. Ичинде бараткан 15 адамдын 12си түрдүү жараат алып, ооруканага жеткирилген. Бешөө кыргыз балдар. Алардын үчөө Кемердин ооруканасынан биринчи медициналык жардам алып кое берилген. Ал эми оорураак деген экөөнү - Бактыбек уулу Бекбол жана Арслан Асанкуловду Анталияга жеке клиникага алып кетишкен. Биринчисинин сынган колун гипстеп кое берип, оор жараат алган 21 жаштагы Арсландын башы жарылып, жамбашы жана акыреги сынгандыктан ооруканада калтырышкан.

Балдар Түркияга "Авемлис" компаниясы аркылуу быйыл жайында кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG