Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Турсунбеков: Коалиция төрт фракциядан куралат


Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициянын курамына төрт фракция кирет. Бул тууралуу "Азаттыкка" социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын айтымында, үч күн ичинде бардык алты фракция менен тең сүйлөшүүлөр өттү. Парламент төрагасынын орун басарларынын санын эки эсе кыскартып, экөөнү гана калтыруу, вице-премьер-министрлерди да азайтуу, министрликтерди кыскартуу боюнча сунуштар дээрлик баарында колдоо тапты.

- Ынтымакта, компромисс таап иштегенге мүмкүнчүлүк бар экенин бардык фракциялардын лидерлери көрсөттү. Пикир алмашуунун негизинде кайсы төрт фракция менен коалиция курууну ойлонуп жатам. Дүйшөмбү күнү жарыя кылабыз.

Коалиция түзүү укугун 29-октябрда президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековго тапшырган. 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешке алты партия келген. Алар - КСДП, "Республика Ата-Журт", Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен". (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG