Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Орус оппозициясы китепканачыны бошотууну талап кылууда


Наталья Шарина сот залында

Наталья Шарина сот залында

Орусияда "Яблоко" партиясы Москвадагы украин китепканасынын директору Наталья Шаринаны бошотууну талап кылууда. Партиянын пикиринде, бул окуя саясий чагым болуп эсептелет жана эки эл ортосунда жек көрүүчүлүк сезимди курчутушу ыктымал.

Москванын Таган соту кечээ Шаринаны 27-декабрга чейин үй камагына алган. Анын адвокаты Евгений Смирновдун айтымында, мындай өтүнүчтү Орусиянын Тергөө комитети келтирген. Прокуратура Шаринаны эркинен ажыратууга каршы чыккан.

Шаршемби күнү китепканада тинтүү жүргүзүлүп, Орусияда экстремисттик деп күмөн санаткан китептерди алып кетишкен.

Окуянын чыгышына муниципалдык депутат Дмитрий Захаровдун аталган китепканада украиначыл жана орустарга жек көрүүчүлүк көз караштагы китептер бар деп арызданганы себеп болгон. Бирок Шарина аны минтип куугунтуктоо эч негизсиз экенин айтууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG