Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Баткенде окуучулардын улут аралык ынтымакка арналган арт-фестивалы өттү


Баткендин Кара-Дөбө айылында "Биз ар түрдүүбүз, бирок теңбиз!" арт-фестивалы өттү

Баткендин Кара-Дөбө айылында "Биз ар түрдүүбүз, бирок теңбиз!" арт-фестивалы өттү

Баткенде жаштарды сүрөт тартуу чеберчилигинин арт искусство сыяктуу жаңы багыттары менен тааныштырууга арналган фестивал өттү. Оштогу "Эдвокаси борбордон" кабарлашкандай, апта ичинде "Биз ар түрдүүбүз, бирок теңбиз!" деген аталыштагы иш-чара Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө айылынын орто мектебинде уюштурулду.

Мугалимдердин жана уюштуруучулардын айтымында, бул сыяктуу маданий акциялар ар улуттун өкүлдөрү жашаган аймакта өткөнү өтө маанилүү, себеби алар ынтымакты бекемдейт жана түрдүү чыр-чатактарды алдын алат.

Окуучулар сүрөт искусствосу тууралуу маалымат алып, соңку кезде тез өнүгүп келаткан стрит-арт (көчөдө, тамдардын боюна сүрөт түшүрүү) багыты менен жакындан таанышты.

Фестивалды жергиликтүү бийлик Улуу Британия жана АКШ өкмөттөрүнүн каржылык колдоосу менен "Эл аралык толеранттуулук үчүн" фондунун Баткен облусундагы филиалы менен бирге өткөрдү.

Кара-Дөбө айылынын калкын кыргыз, өзбек жана тажик улутундагы кыргызстандык жарандар түзөт. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG