Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:32

Жыл башынан бери Нарында жол кырсыгынан тогуз киши набыт болду


Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын облустук ишки иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султангазиева билдирди. Анын айтымында, жүргүзүлгөн түшүндүрүү, алдын алуу иштерине карабастан облус аймагында жыл башынан бери 89 жол кырсыгы катталган. 128 адам денесинен жаракат алып, 9 адам мерт болгон. Былтыр 9 ай ичинде 8 адам набыт кеткен.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында, расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда балдар кабылган 457 жол кырсыгы катталган, 512 бала жараат алып, 25и мерт кеткен. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG