Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Эгей деңизинде кырсыкка кабылган 11 мигрант набыт болду


Грециянын Самос аралына чукул жерде мигранттар түшкөн кеме кырсыкка учурады. Франс-Пресс агенттиги Грекиянын деңиз жээктерин кайтарган кызматка шилтеме жасап, кеминде 11 киши, анын ичинде алты бала набыт болгонун кабарлады. 15 киши аман калды. Көз жумгандардын ичинен онунун сөөгү кеменин кабинасында, дагы бириники жээкте табылды.

Жума күнү Эгей деңизинде 22 мигрант, анын ичинде 13 бала сууга чөгүп кеткен.

Үстүбүздөгү жылы Грекияга Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн 570 миң качкын келип түшкөн.

XS
SM
MD
LG