Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Түркия: Эрдоган партиясы шайлоодо жеңди


Президент Эрдоган Стамбулда добуш берди, 1.11.2015
Президент Эрдоган Стамбулда добуш берди, 1.11.2015

Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу 1-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын кубаттап, парламенттеги көпчүлүк орунду жеңген “Адилет жана өнүгүү” (АК) партиясы үчүн “жеңиш күнү” деп белгиледи.

Президент Эрдоган түптөгөн АК партия саналган 97% добуштардын 49.69% алып, 550 орундуу парламентте 315 мандатка ээ болду. Эми башкаруучу партия өкмөттү өзү жалгыз курайт.

Күрттөрдүн таламын талашкан Элдик Демократиялык партия (HDP) 10.4% добуш алып, июндагы шайлоого караганда 3% добуштарын жоготту.

Түркияда парламенттик шайлоо мындан беш ай мурун өткөн. 7-июндагы добуш берүүдө башкаруучу АК партия 2002-жылдан бери биринчи ирет парламенттеги көпчүлүк мандатын жоготуп, бирок башка партиялар менен коалициялык өкмөт кура албаган соң мөөнөтсүз шайлоо 1-ноябрга коюлган.

XS
SM
MD
LG