Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:24

Азербайжан: шайлоодо башкаруучу партия жеңгени жарыяланды


Президент Илхам Алиев Бакуда добуш берүүдө. 1-ноябрь, 2015

Президент Илхам Алиев Бакуда добуш берүүдө. 1-ноябрь, 2015

Президент Илхам Алиевдин “Жаңы Азербайжан” партиясы 1-ноябрдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкени жарыяланды. Парламенттеги 125 мандат үчүн 767 талапкер ат салышты.

Жекшембиде өткөн добуш берүүгө ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу көз салуудан баш тарткан. Ал эми Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясы 66 миң байкоочу катталганын билдирген.

Өлкөдөгү башкы оппозициялык альянс - Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши, Азербайжан демократиялык партиясы баштаган бир катар саясий күчтөр таза жана калыс шайлоо өткөрүүгө шарт жоктугун белгилеп, ага катышуудан баш тартышкан.

Азербайжанда беш миллиондун тегерегинде жаран добуш берүүгө укуктуу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG