Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:24

Башкаруучу коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн уланат


Бул тууралуу коалиция түзүү боюнча президенттен мандат алган КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков жекшемби күнү билдирди. Анын айтымында, коалиция түзүү боюнча бардык фракциялар менен сүйлөшүү өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Ата Мекен” фракцияларынын катышуусу менен коалиция түзүү негизинен чечилди:

-Өкмөттүн, парламенттин түзүмү, курамы боюнча да бир пикирге келдик. Анча-мынча кичине маселелер калды. Мына ошолор боюнча бир пикирге келсек, коалициянын түзүлгөнүн жарыялайбыз.

Чыныбай Турсунбеков түзүлө турган жаңы коалиция премьер-министрлик кызматта Темир Сариевди калтырууну макулдашканын белгиледи. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG