Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Самаркан жолугушуусунун жыйынтыгында декларация кабыл алынды


АКШнын мамлекеттик катчысы жана регион мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери кол койгон документте коопсуздук, соода, энергетика, экология, билим берүү багыттарында кызматташуу каралган. Самаркандагы “Борбор Азия+АКШ” жолугушуусуна АКШ, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын министрлери катышты. Биргелешип кабыл алынган документте “Кошмо Штаттар Борбор Азия мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын колдору" белгиленген. Жон Керри Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташууну кеңейтүүгө Кошмо Штаттар кызыкдар экенин айтып, регионго жардам берүүнүн жаңы программасын жарыялады.

Жон Керрини Самарканда өзбек президенти Ислам Каримов кабыл алды:

-Биз үчүн чоң сыймык, сиздин бүгүн Өзбекстанга келүүгө убакыт тапканыңыз,- деп айтты Каримов.

Жон Керри менен Ислам Каримовдун жолугушуусунда негизинен коопсуздук,Ооганстандагы кырдаал, Ислам мамлекетинен, экстремисттик топтордон келип жаткан коркунучтар талкууланды. Жолугушуу учурунда адам укуктары боюнча суроо берүүгө аракет жасаган журналисттер коопсуздук кызматтары тарабынан сыртка чыгарылды. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG