Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

ЖК төрагалыгына Жээнбековдун талапкерлиги сунушталууда


Жогорку Кеңештин төрагалыгына Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын талапкерлиги бардык фракцияларга сунушталды.

“Башка фракциялар биздин сунушубузду колдоп жатышат. Ал эми өкмөт башчы боюнча азыр талкуулап жатабыз. Бүгүн фракциялар менен сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап, коалициялык көпчүлүк түзүү боюнча келишимге кол койобуз деп турабыз. Учурда “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” менен көз караштарыбыз дал келүүдө”, - деди Турсунбеков.

Коалиция түзүү укугун 29-октябрда президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековго тапшырган. 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешке алты партия келген. Алар - КСДП, "Республика Ата-Журт", Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен". (КЕ/AKu)

XS
SM
MD
LG