Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Турсунбеков: өкмөт менен парламент түзүмү өзгөрөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын айтуусунда, жаңы түзүлө турган коалициялык көпчүлүк беш вице-спикердин ордуна экөөнү калтырууну сунуштоодо. Алардын бири оппозициядан, экинчиси коалициялык көпчүлүктөн шайланат. Комитеттердин саны 12ден 9га кыскарат.

Фракция лидери өкмөттүн түзүмү боюнча толук маалымат айткан жок.

5-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке беш фракция кирип, ар биринен бирден вице-спикер шайланчу.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо 6 партия утуп келген. 6-чакырылыштагы ЖК депутаттары 28-октябрда ант берип, ишин расмий баштаган. (КЕ/AKu)

XS
SM
MD
LG