Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Bloomberg: Улут саламаттыгы боюнча Кыргызстан 101-орунда


Bloomberg агенттиги Улуттар уюму, Дүйнөлүк банк жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына таянып изилдөө жүргүзгөн. Анда 145 өлкөдөгү жашаган калктын саламаттыгы салыштырылып, Кыргызстан 101-орунду ээлеген. Улут саламаттыгы жашоонун узактыгы, өлүмдүн себептери, каза болгондордун жаш курагына жана башка факторлорго карап эсептелген.

Мында эң жогорку 89,45% балл топтоп сингапурлуктар биринчи орунга чыккан. Экинчи орунда Италия (89,07%), үчүнчү орунда Австралия (88,33%) турат. Биринчи ондукка Швейцария, Жапония, Израил, Испания, Нидерландия, Швеция жана Германия кирген.

Кыргызстан 24,62% баллы менен улут саламаттыгы боюнча рейтингде 101-орунга илинсе, Тажикстан 84, Өзбекстан 85, Орусия, 97, Түркмөнстан 104, Казакстан 111-орунда.

Эң төмөнкү тизмеде делип Конго, Чад жана Лесото турат.

Саламаттыктык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жашоо узактыгы 70-75 жашка барабар. Акыркы учурда бул көрсөткүч эки жашка жогорулаган. Адистердин белгилешинче, Кыргызстан Орусия, Казакстан, Украина өлкөлөрү менен бирге жүрөк-кан тамыр оорулары, инсульт же мээдеги кан айлануунун бузулуусу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG