Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:50

Окуучуларды уруп кеткен балдардын ата-энелери бийликке кайрылды


Бишкектеги №38 мектептеги чатакка тиешелүү делип кармалган беш баланын ата-энеси өкмөт башчы Темир Сариевге, ички иштер министри Мелис Турганбаевге кайрылып, балдарын үй камагына чыгарууну өтүнүштү. Бул тууралуу камалган балдардын биринин атасы Сыргак Тынайбаев “Азаттыкка” билдирди. Ата-энелер окуяга катышкан 50-60 баланын ичинен бешөөнү камап коюуга нааразы.

20-октябрда Бишкектеги №38 орто мектепке коңшулаш жайгашкан Олимпиадалык резерв мектебинин 50дөн ашуун тарбиялануучусу таш, таяк, союл менен кирип келишип эшик-терезелерди талкалап, окуучуларды сабап кетишкен. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында алардын ичинен жетөөнө айып тагылган. Алардын экөө ата-энесинин кепилдиги менен бошотулган. Үч окуучу №14 колонияга, экөө №1 тергөө абагына камалган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG