Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Түркияда жол кырсыгына кабылган кыргыз бала каза болду


Кырсык Кемер – Кумлужа унаа жолунда болгон. Кыргызстандыктар кырсыкка кабылган автобус.

Кырсык Кемер – Кумлужа унаа жолунда болгон. Кыргызстандыктар кырсыкка кабылган автобус.

Түркиянын Анталия шаарында жол кырсыгынан кийин ооруканада жаткан кыргызстандык студент Арслан Асанкулов каза болду. Бул маалыматты “Азаттыкка” “Авемлис” компаниянын жетекчиси Шерболот Аскербек уулу ырастады. Арслан алган жараатынан улам эсине келбей көз жумган. Учурда маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн документтер даярдалууда.

24-октябрда Кемер шаарындагы мейманканада тейлөө кызматкери болуп иштеп, мекенине кайтаар алдында туугандарына белек-бечкек алганы Анталияга бараткан 5 кыргыз бала кырсыкка кабылган. Кемер – Кумлужа унаа жолунда Анталия тарапты көздөй бараткан туристтик автобус трассадан чыгып кетип, оодарылып, жардан кулап кала жаздаган. Ичинде бараткан 15 адамдын 12си түрдүү жараат алып, ооруканага жеткирилген. Бешөө кыргыз балдар.

Балдар Түркияга "Авемлис" компаниясы аркылуу быйыл жайында кеткен. (KЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG