Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Темир Сариевди Жогорку Кеңешке чакыртышты


Премьер-министр талапкерлиги боюнча жыйынтык чечимди кабыл алуу үчүн Темир Сариевди парламентке чакыртышканын "Азаттыкка" КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков маалымдады. Анын айтуусунда, көпчүлүк фракциялар биримдикке кирип, министрлер кабинетинин башчылыгына Темир Сариевди калтырууга макул.

“Биз Сариевди түштөн кийин чакырып анын көз карашын билүүнү чечтик. Ушундан кийин гана премьер-министр талапкерлиги боюнча жыйынтык чечим кабыл алынат. Вице-премьер-министрлер тууралуу айтчу болсок, биз алардын санын экиге кыскартууну чечтик. Бул маселени да Темир Сариев менен бүгүн макулдашабыз", - деп айтты Турсунбеков.

Парламенттик шайлоодо 6 партия жеңишке жетишти. Алдын-ала маалымдоолорго караганда, парламенттик бирикмеге 4 партия - КСДП, “Ата Мекен”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү Прогресс” кирүүдө. (AKu/KE)

XS
SM
MD
LG