Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Орусия элчилигинде көңүл айтуу китепчеси ачылды


Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинде Мисирдеги учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу китепчеси ачылды. Жарандар элчиликтин алдында гүлдөрдү, оюнчук жана каттарды жазып калтырышууда. Ал эми элчиликтин имаратынын ичиндеги көңүл айтуу китепчесинде элдер кырсыкка кайдыгер эмеспиз, орус элинин кайгысын тең бөлүшөбүз, деген мааниде кайрылууларды калтырып жатышат.

Кыргызстандагы Орусия элчисинин жардамчысы Алексей Мзареуловдун “Азаттыкка” билдиришинче, жарандар кечки саат алтыга чейин көңүл айтуу каттарын элчиликке калтырса болот. Мзареулов кошумчалагандай, кыргызстандыктар Мисирде учак кыйраган күндөн баштап көңүл айтышып, элчиликтин алдына гүл жана каттарын алып келип жатышат.

Ишемби күнү эртең менен Мисирдин Синай жарым аралына Санкт-Петербургга учуп бараткан орусиялык Airbus А-321 лайнери кулап, ичиндеги 224 адамдын баары, анын ичинде 25 бала мерт кеткен. (SDz)

XS
SM
MD
LG