Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Кытай компаниясы чоң жүргүнчү учак жасады


Кытай -- СОМАС компаниясы чыгарган алгачкы учак. Шанхай, 2-ноябрь, 2015.
Кытай -- СОМАС компаниясы чыгарган алгачкы учак. Шанхай, 2-ноябрь, 2015.

Кытайда бүгүн өлкөдөгү алгачкы чоң жүргүнчү авиалайнердин бет ачары өттү. СОМАС мамлекеттик компаниясынын эки моторлуу учагы Шанхайдагы заводдо өлкөнүн авиа тармагын өнүктүрүү программасынын алкагында жасалган. 168 жүргүнчүгө эсептелген С919 учагы абага кийинки жылы көтөрүлүп, 2019-жылдан тарта жүргүнчүлөрдү ташууга киришет. Ал буга чейин негизинен Airbus жана Boeing компаниялары чыгарып келген кууш корпустагы учактардын базарын толуктамакчы.

Учактын көпчүлүк компоненттери менен системасы, анын ичинде кыймылдаткычы менен борттук жабдыктары чет элдик компаниялар, же Кытай менен чет өлкөлөрдүн биргелешкен ишканалары тарабынан жасалган. COMAC 21 компаниядан 517 учак үчүн тапшырык алганын, көпчүлүгү жергиликтүү авиаташуучулар экенин кабарлады.

Кытайдын дагы бир мамлекеттик компаниясы аз орундуу жүргүнчү учак жасаганы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG