Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:05

"Когалымавиа" учак кырсыгына тышкы таасир себеп болгон деп эсептейт


Египет -- Кыйроого кабылган учактын калдыгы, 1-ноябрь, 2015.

Египет -- Кыйроого кабылган учактын калдыгы, 1-ноябрь, 2015.

Египетте учагы кыйроого кабылган Орусиянын "Когалым" авиакомпаниясы кырсыктын себебин тышкы таасирден көрүүдө. Аталган авиакомпаниянын жетекчисинин орун басары Александр Смирнов кыйроого кабылган А321 лайнери абдан ишенимдүү экенин айтып, учак абада бузулган деген божомолдорду четке какты:

- Биз учак техникалык оң эместикте болгонун жана пилоттун, экипаждын жаңылыштыгы же адамдык фактор бул кырсыкка себеп болгонун четке кагабыз. Бул учак 18 жылдык учуусунда дайыма көңүл чордонунда болуп келген.

Египетте өткөн ишемби, 31-октябрда Орусиянын "Когалым Авиа" компаниясына таандык Аэробус A321-200 учагы кырсыкка кабылып, анын ичиндеги 224 адамдын бирөө да тирүү калган эмес. Алардын төртөө Украинанын, бирөө Беларустун, калганынын баары Орусиянын жарандары болчу. Учак Египеттин Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Петербургга учуп келаткан. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Орусиялык жана египеттик адистер учак кыйраган жерден кара кутуну таап, кыйроого алып келген жагдайларды иликтөөдө.

Мамлекеттер аралык авиациялык комиссиянын аткаруучу директору Виктор Сороченко учак түшкөн жерди көргөндөн кийин аэробустун калдыктары көп аянтты ээлегендиктен учак абадан эле талкаланып түшкөн деген жыйынтык чыгарууга болорун айткан.

Орусия чукул кырдаалдар министрлигинин учагы дүйшөмбү күнү эртең менен Каирден Петербургга бул кырсыктан мерт болгон 144 адамдын сөөгүн жеткирди. Калган сөөктөр дагы жакын арада алып келинет.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG