Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Азербайжанда бийликтеги партия парламенттик шайлоодо жеңишке жетишти


Азербайжандагы 1-ноябрдагы парламенттик шайлоо
Азербайжандагы 1-ноябрдагы парламенттик шайлоо

Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, президент Илхам Алиев жетектеген “Жаңы Азербайжан” партиясы Азербайжандын 125 орундуу парламентинде 69 мандатка ээ болду. 1-ноябрда болгон шайлоого жарандардын 56% катышты. Бирок шайлоого байкоо жүргүзүүдөн ЕККУ баш тартты. Ошондой эле оппозициялык партиялар да шайлоого бойкот жарыялап, катышкан эмес. Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын делегациясы системдүү мыйзам бузуулар тууралуу кабарлаган жок. Бирок айрым шайлоо участокторунда бюллетендерди мыйзамсыз салуулар орун алганын маалымдады.(AiT)

XS
SM
MD
LG