Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Керри: Террордук коркунуч каршылаштарды катуу жазалоодон жок болбойт


Жон Керри Астананын башкы мечитинде имам Серикпай Ораз менен. 2-ноябрь, 2015-жыл

Жон Керри Астананын башкы мечитинде имам Серикпай Ораз менен. 2-ноябрь, 2015-жыл

Мындай билдирүүнү АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Казакстанда жасады. Ал Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевди диний экстремизмге каршы туруудагы лидерлик сапаты үчүн мактап, бирок террор коркунучу демократия жана башкача ойлонгондорду кысымга алууну актабай тургандыгын эскертти.

Жон Керри Борбор Азия чөлкөмүндөгү иш сапарында бул жердеги республикаларда кыдырып, 2-ноябрда Астанада Казакстан президенти менен жолугушту.

Вашингтон Ооганстан менен чектешкен мусулман мамлекеттери менен жакшы байланышта болууну кааларын, бирок жарандык коомду кысымга алуу экстремизмдин өсүүсүнө салым кошорун Жон Керри белгиледи. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG