Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

Ош: террордук уюмдун эмиссары 7 адамды Сирияга жөнөткөн


Кыргызстандагы абак

Кыргызстандагы абак

Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Тергөөдө белгилүү болгондой, 48 жаштагы эмиссардын уулу ишкерге бычак менен кол салганы үчүн камалып чыгып, Москвага качып кеткен. Андан ары атасынын уруксаты менен үч жыл мурда Сирияга кеткен.

Сурак учурунда эмиссар Ошто да адамдарды Сирияга жихадга барууга үндөп, жалпы 7 адамды ал жакка кетиргенин моюнуна алды. Алардын дээрлик баары өзүнүн туугандары экени аныкталды. 48 жаштагы шектүү жаранды УКМК мындан он күн мурда кармаган.

"Эмиссар" деген сөз кыргызча элчи деген маанини берет.

Соңку расмий маалыматтар боюнча Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны 400дөн ашуун. Алардын ичинен 40тан ашууну курман болушкан. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG