Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Кара-Кулжа районунда жакыр үй-бүлөлөр арбыды


Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук акимчиликтен кабарлашты. Ушул жылдын тогуз айына карата Кара-Кулжада жалпы 3695 үй-бүлө жакыр жашары эсептелген. Бул райондогу кожолуктардын 36 % жакынын түзөт. Бул үй-бүлөлөрдүн балдарына жыл сайын райондук акимчиликтен акчалай жардамдар берилет жана кышкысын көмүрдөн жардам болот.

Тоолуу Кара-Кулжа району мигранттардын саны боюнча Ош облусунда алдыңкы тизмеде турат. Союз учурунда жүздөгөн мал жана дыйкан чарбалары жайгашкан аталган аймакта 90-жылдардан кийин жумушсуздук кескин күчөгөн. Адистер райондогу кээ бир айылдарда салыштырмалуу карылар менен мектеп жашындагы балдар эле калганын белгилеп келишет. (ErN)

XS
SM
MD
LG