Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Ош шаарында унаа башкарган 7-класстын окуучусу кырсыкка учурады


Cүрөттө Түрксмөнстандагы жол кырсыгы. Анын кабардагы окуяга тиешеси жок.
Cүрөттө Түрксмөнстандагы жол кырсыгы. Анын кабардагы окуяга тиешеси жок.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол кайгуул кызматынан кабарлашты. Шаардагы №27 мектептин 7-классынын окуучусу апасынын «Хонда Фит» унаасын айдай качып, үч адамды сүзүп кеткен. Кырсыктан эки жаштагы кыз апасы менен жана 20 жаштагы жигит жаракат алган. Дарыгерлер жабыр тарткандардын абалы канааттандырарлык экенин билдирүүдө.

Окуя боюнча териштирүү иштери уланууда.

Ош шаарында 120 миңден ашык унаа бар. Жылына калаада кеминде 100дөй оор жол кырсыктары катталат. (ErN)

XS
SM
MD
LG