Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:44

Ошто кутурган ит беш адамды тиштегени аныкталды


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Ош шаарынын жакасындагы Учар айылында кечээ, 1-ноябрда саат 11лер чамасында клиникалык белгилери кутурма ылаңына күмөндөлгөн кара ит алдынан чыккан адамдарга жана иттерге кол салган. Анын кесепетинен аталган айылдан 3 адам жана Ош шаарынын аймагынан 2 адам жабыркаган.

Учурда жабыркаган 5 жаран кутурмага каршы эмдөөдөн өтүп, амбулатордук дарыланууда.

ӨКМден билдиришкендей, окуядан кийин учарлыктар кутурган итти кууп жетишип, таяк менен уруп өлтүрүшкөн. Иттин өлүгүн ветеринардык лабораториянын адистери алып барып текшерип, жыйынтыгында анын кутуруп кеткенин аныкташкан. Буга байланыштуу “Ош-Тазалык” муниципиалдык ишканасынын мергенчилери кутурган ит аралап өткөн көчөлөрдөн 17 итти жок кылышкан.

Алдын-ала маалымдалгандай кутурган ит айылдагы бир нече итти тиштеп кеткени кабарланууда. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG