Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Иран центрифугаларын иштен чыгара баштады


Ирандын өзөктүк жайларынын бириндеги центрифугалар.
Ирандын өзөктүк жайларынын бириндеги центрифугалар.

Бул тууралуу Ирандын өзөктүк программаны тейлеген мекемесинин башчысы Али Акбар Салехи Токиодо жүргөн жеринен билдирди.

Анын айтымында, Иран уран байытууда колдонулуучу негизги жабдуу-центрифугалар боюнча милдеттемесин аткаруу үчүн эки айдай убакыт талап кылынат.

Центрифугалардын ишин токтотуу Тегеран быйыл июлда өзөктүк программасы боюнча дүйнөнүн ири алты державасы менен кол койгон келишимдин негизги шарттарынын бири.

Иран тараптан талаштуу өзөктүк программасын чектөө ага каршы киргизилген экономикалык санкциялардын баскыч-баскыч менен жоюлушуна алып барышы керек.

Бул аралыкта парламенттин 20дай мүчөсү президент Хассан Роуханиге жолдогон катында Натанз жана Фордо уран байытуучу жайларында центрифугаларды демонтаждоо өтө тездик менен кетип жатканына нааразылык билдиришти.

Мыйзамгерлер тобунун пикиринде, келишимдин тездик менен ишке ашырыла баштоосу аятолла Али Хаменеинин көрсөтмөлөрүнө каршы келет.

Ирандын жогорку лидери келишимди өткөн айда шарт менен жактырган. (UE)

XS
SM
MD
LG