Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Ошто жыл башынан бери беш айбанат кутурмага чалдыккан


Бул тууралуу Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун жетекчиси Айчүрөк Келдибекова “Азаттыкка” кабарлады.

10 айдын ичинде бир жылкы, бир кой, бир уй жана бир ит кутурма ылаңына чалдыкканы аныкталып, атайын адистер тарабынан жок кылынган. Акыркы жолу 1-ноябрда дагы бир кутуруп кеткен ит адамдарга тиш салган. Илдетти жуктурган айбанаттардын баары Ош шаарынын жакасындагы айылдардан. Адистер белгилегендей, бул жандыктар өз учурунда эмдөө албаганы үчүн кутурма вирусун жуктуруп алышы мүмкүн.

Кутурмага кабылган үй жандыктарынан 31 адам кесел жуктурган. Соңку окуяда эле кутурган ит тиштеген беш адамдын экөө жаш бала болгон. Алардын бири үч жашар кыз Ош облустар аралык балдар ооруканасынын дарыланууда.

Эпидемиологдор кабарлагандай, кесел жуктурган адамдардын баары кутурмага каршы вакцина алган жана ушул учурга чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. (ErN)

XS
SM
MD
LG