Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:59

Орусияда кыйраган учактын он жүргүнчүсүнүн сөөгү таанылды


Кыйраган учак жүргүнчүлөрүнүн сөөктөрү алынып келинген учур. 2-ноябрь, 2015-жыл.

Кыйраган учак жүргүнчүлөрүнүн сөөктөрү алынып келинген учур. 2-ноябрь, 2015-жыл.

Бул тууралуу бүгүн Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлдөрү билдиришти.

Алардын айтымында, учурда Санкт-Петербургга 140 адамдын сөөгү, жүздөн ашуун дене бөлүктөрү жеткирилди.

Мындай жүк салган үчүнчү учак Египеттен бүгүн келет деп күтүлүүдө.

Орусиялык авиакомпаниянын Airbus 321 жүргүнчү учагынын 31-октябрда Синай жарым аралдары үстүндө кыйроосунан анын бортундагы 224 адамдын баары өлгөн.

Кырсыктын себептери азырынча анык эмес.

Америкалык расмий өкүлдөр билдиргендей, аларга караштуу спутник тартып калган сүрөт учак анын ичиндеги бомбадан же күйүүчү бактагы жарылуудан улам кыйраганын көргөзүп жатат.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн бири Эн-Би-Си телеканалы менен маегинде орусиялык учак чоң бийиктикте жарылганын, ага кандайдыр бир ракета тийгенине далилдери жоктугун кошумчалады.

“Ислам мамлекети” тобуна байланышы бар согушкерлердин учакты алар атышканы тууралуу ырастоосун Египет бийликтери да четке кагышкан.(UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG