Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Украинада баш прокурордун “өмүрүнө кол салуу аракети” жасалды


Башкы прокурор Виктор Шокин.

Башкы прокурор Виктор Шокин.

Баш прокурор Виктор Шокинди өлтүрүү аракети кечээ кечинде жасалганын бүгүн анын орун басары Анатолий Матиос билдирди. Матиостун ырастоосунда, баш прокурордун кеңсесине снайпер коңшу имараттан үч ирет ок ачкан.

Кеңсе айнектеринин окко туруштук берүү сапаты гана башкы прокурордун өмүрүн сактап калды.

Бүгүн украин бийликтери бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду.

Виктор Шокин Украинанын башкы прокурорлугуна быйыл февралда дайындалган.

Бирок ал мурдагы президент Януковичтин режиминин мүчөлөрүнө каршы чуулгандуу коррупциялык иштерди жайлатып койгону үчүн айыпталган эле.

Быйыл сентябрда АКШнын Украинадагы элчиси Жеффри Пайетт Украинанын Башкы прокуратурасын коррупцияга каршы күрөшүү аракеттерине бут тосуп, өз кызматкерлерин пара алганы боюнча иликтөөлөрдөн коргоп жатканы үчүн ачык сындаган. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG