Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:48

Орусия Сириядагы оппозициянын маалыматына таянып чабуул жасаган


Орусиянын Куралдуу күчтөрү “террорчулардын позициясына” Сирия оппозициясынын маалыматынын негизинде сокку урганын маалымдады. Ал оппозициялык топтор Сирия президенти Башар Асад, Ислам мамлекетинин жана Аль-Каиданын жоочуларына каршы күрөшүүдө.

Орус генералы Андрей Картаполовдун 3-ноябрдагы маалымдоосуна караганда, Сирия оппозициясы менен байланыш түзүп, “террорчуларга каршы биргелешип операция жүргүзүүнү макулдашты”.

Америка жана анын шериктери Орусиянын абадан соккулары террорчуларга караганда Сирия оппозициясына көбүрөөк урулуп жатканын билдирип келатышат. Эми Москва оппозиция менен байланыш түзүп, Сирия өкмөтү жана патриоттору менен биргеликте эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн 3-ноябрда билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG