Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Спутник маалыматы орус учагынын ичинде жарылуу болгонун көрсөтүүдө


Орусиянын расмий өкүлдөрү кырсык болгон жерде
Орусиянын расмий өкүлдөрү кырсык болгон жерде

Америкалык спутниктин маалыматы боюнча, Мисир асманында 31-октябрда кырсыка учураган орус учагына сырттан ракета тийген эмес, ичтен жарылуу болгон деп болжоодо. Америка коргоо министрлигинин кызматкеринин 2-ноябрдагы айтуусуна караганда, Аэробус А321-200 абада учуп бараткан мезгилде спутник көрсөткөн инфракызыл сүрөттө учактын күйүүчү май куюлган багы же бомба жарылганын айгинелөөдө. Ал учакка ракета тийди дегенге далил жок экенин кошумчалады.

Ичинде 224 кишиси бар Орусиянын учагы кулап түшкөндөн кийин Мисирдин Синай жарым аралында жайгашкан Ислам мамлекетинин жоочулары учактын кыйрашы алардын иши экенин билдирген эле. Эксперттер жоочуларда андай куралдын болушунан күмөн саноодо. (AiT)

XS
SM
MD
LG