Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Премьер-министрликке талапкер программасын парламентке сунуштайт


Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан шейшемби күнү кабарлашты. Маалыматка караганда, өкмөт башчылыкка талапкер Темир Сариев бүгүн өкмөттүн структурасын жана программасын Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгат. Программада республиканы туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияны ишке ашырууга басым жасалган. Ошондой эле экономикалык өсүштү жана финансылык көз карандысыздыкты камсыздоо боюнча чаралар көрсөтүлөт.

Өкмөттүн структурасы өзгөрүп, премьер-министрдин төрт эмес үч орун басары болору, ошондой эле министрликтердин саны кыскарары айтылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG