Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Жогорку Кеңеште башкаруучу коалиция түзүлгөнү расмий түрдө жарыяланат


Анын курамына КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү” жана “Ата Мекен” фракциялары киргени кабарланган. КСДП фракциясынын мүчөсү Кожобек Рыспаевдин айтуусунда, 4-ноябрда коалиция түзүлгөнү расмий жарыялангандан кийин Жогорку Кеңеште бирдиктүү комитет түзүлүп, өкмөт башчы жана парламенттин спикери шайланат:

-Бирдиктүү комитет болот. Ошол аркылуу каралып, төрага шайланат. Өкмөттүн структурасы каралып, премьер-министр шайланат.

Жогорку Кеңештеги фракциялар шейшемби күнү өкмөт башчылыкка Темир Сариевдин талапкерлигин карап, аны жактырышты. Жогорку Кеңештин төрагалыгына Асылбек Жээнбековдун талапкерлиги макулдашылды. Мына ушул иштер аткарылгандан кийин Жогорку Кеңеш комитет төрагаларын шайлоого киришет. (AiT)

XS
SM
MD
LG