Алар Пакистандан Европа Биримдигине мыйзамсыз түрдө мигранттарды ташып келип, оор шарттарда иштөөгө мажбур кылышкан. Камакка алуулар Европолдун Польша жана Испаниядагы бөлүктөрү тарабынан ишке ашырылганы 3-ноябрда кабарланды.
Пакистандыктардан турган кылмыштуу топ Ливия жана Түркиядан Жер Ортолук деңиз аркылуу узак аралыктарга адам ташууга жараксыз кемелерде мигранттарды Европага ташышкан. Мыйзамсыз алып келинген ар бир мигрант кылмыштуу топко 14 миң евродон төлөгөнү айтылууда. (AiT)