Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Бул тууралуу Казакстандын Павлодар облусунун прокуратурасына таянуу менен казак маалымат булактары жазып чыгышты. Орусияга 30 кг. героин затын ташып бараткан Кыргызстандын жараны «Косак» өткөрмө пунктунда колго түшкөн. Ал маң затын унаасынын жылыткыч системасына катып алып баратканы билинип калган.

Алдын-ала маалыматтарга караганда Ош шаарынын тургуну делген жаран маң затын Ооганстандан ташып келгендерден сатып алган.

Факт боюнча Павлодар облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда. Сурак учурунда айыпкер өз күнөөсүн моюнуна алган. 2005-жылы да ушундай эле кылмыш менен жоопкерчиликке тартылган жаран бул жолку кылмышы сотто аныкталса өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG